Күнүмдүк иштеп акча таап жүргөндөргө жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
Анын айтымында, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тизмесинен сырткары күн сайын иштеп акча таап жүргөндөр көп.
«Мэрия жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирге күнүмдүк иштеп жүргөндөрдүн тизмесин түзүүдөбүз. Бул тизме бизге жума күндөн башкап келе баштады. Биз эки жумага жете турган негизги азык-түлүктөрдү жеткирүүдөбүз. Алар бюджеттен, ишкерлердин жана жергиликктүү бюджеттин каражатынан алынууда», - дейт ал.
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.