Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция 9 ай ичинде санитардык талапка ылайык, жашылча – жемиштерге 114 149 экспертиза жана 10 209 лабораториялык изилдөө жүргүзгөн.
Маалыматка ылайык, атайын санитардык талапка жооп бербеген 23 жагдай катталып, 12 миң 763,55 кг жер-жемиш жокко чыгарылды.
«Андан сырткары, инспекциядан 23884 экспертиза жана башка тамак-аш азыктарына 10209 лабораториялык изилдөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында 313 кг эт жокко чыгарылды», - деп жазылат маалыматта.
Кошумча дагы 406 экспертиза жана 1027 козу карынга лабораториялык изилдөө жүргүзүлүп, анын ичинен 31 кг козу карын жокко чыгарылды.