Быйыл Жерүйдүн алтын куймалары чыгат-Шубин

28.03.2019, 12:41 Акчабар
Быйыл Жерүйдүн алтын куймалары чыгат-Шубин

Кен  казуу  тармагын активдүү  иштетүү мезгили келип калды. Жакында Жерүйдө алтын казылып баштайт. Бул тууралуу кыргыз-орус аймактар аралык сегизинчи конференцияда  «​Альянс Алтын» компаниясынын башкы директору Михаил Шубин билдирди.

Жерүй алтындын кору көп болгон кен. Анын болжолду кору 105.5 тонна.

«Руддадагы баалуу металлдын орточо салмагы – 4 грамм, бул кен казуудагы жогорку көрсөткүч.  Кенди иштетүү жылына  1.3 млн тонн. Ушул эле маалда жылына 3.5 тонна  кен казсакпы деп турабыз. Канчалык бай руддага туш болобуз көрөбүз. Жерүйдү иштетүүдөн 79.5 тонна алтын куймасын»– алабыз деди Шубин.

Ал кен иштетүүдө жаңы технологиялар колдонууларын билдирди. 

«Биз экологияга көп көңүл буруп жатабыз. Биздин технологиялар жаратылышка терс таасирин тийгизбейт деп кепилдик берип жатабыз. Жергиликтүү элдин жашоосуна жана мал, айыр чарбачылыгына терс таасир этпейт деген ойдобуз. Технологияда цианид колдонобуз. Бул зыяндуу.Бирок, биз аны колдонуудан кийин  концентрациясын   0.005 мг чейин жеткирип, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун талабына төп келтиребиз» – деп билдирди компаниянын башчысы. 

Кен казууда сууну пайдаланууда жаңы технологиялар колдонулат.

«Биз айлампа сыртка чыкпаган суу системасын (ЗИФ) колдонобуз. Бул булганган суулардын сайларга жана жер кыртышына кошулуп кетүүсүнөн сактайт. Бир эле суу кечке айлана берет. Мындан тышкары  күкүрт колдонбой даяр продукция колдонобуз» – деп билдирди Шубин.

Кен казууда 2043-жылга чейин $535 млн өлкөнүн бюжетине түшөт деп болжонууда.

Тэги: Альянс Алтын Михаил Шубин Джеруй

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу