Кыргызстандын 500дөн ашуун ишкери JIA EXPO көргөзмөсүнө катышты

25.02.2022, 12:01 Акчабар
Кыргызстандын 500дөн ашуун ишкери JIA EXPO көргөзмөсүнө катышты

Кечээ, 24-февралда Бишкекте жыл сайын өтүүчү JIA EXPO көргөзмөсүнө учурдагы кырдаал боюнча ойлору, позитивдүү тажрыйбалары менен бөлүшүү жана пикирлештерди табуу максатын көздөгөн, республиканын ар кыл аймактарынан келген жүздөн ашуун ишкер катышты. Аталган көргөзмөнү “JIA ишкерлер ассоциациясы” уюштурду.

Ассоциациянын берген маалыматы боюнча, иш-чарага 500дөн ашуун ишкер жана экономиканын ар кыл тармактарынан 50дөй компаниянын өкүлдөрү катышты.

“Биз ассоциация катары ишкерлер менен бир нече багыттарда иш алып барабыз. Биринчи кезекте аларга маалыматтык жактан колдоо көргөзүп, мамлекеттик органдардын алдында кызыкчылыктарын коргойбуз. Экинчиден, ишкерлерге алар таанышып, формалдуу эмес жагдайда баарлашып, маалымат алмаша алуусу үчүн жана да жаңы кардарларды таап, ири келишимдерге кол коё алышы үчүн аянтчаларды түзүп беребиз”, - деди JIAнын аткаруучу директору Фархад Пакыров.

JIA кичи жана орто бизнеске жана Кыргызстандын жалпы эле ишкерлер коомчулугуна көмөк көрсөтүү боюнча ишенимдүү платформа деген атын бышыктады десек болот. Ассоциация мындай көргөзмөнү биринчи жолу уюштуруп жаткан жок жана ага болгон кызыгуулар уламдан-улам көбөйүүдө.

“Ишибиздин натыйжалуугу бизге жогору карай өсүүдөн жана берилген баалардан улам билинүүдө. Мындай иш-чараларды уюштурган сайын катышууну каалагандардын саны арбып жатат. Учурда көргөзмөгө жаңы компаниялардын 20дан ашуун стенддери коюлду” – дешти уюштуруучулар.

JIA көргөзмөнүн программасынын кызыгын арттыруу максатында атайын катышуучуларга деп, уюштуруучулар спикерлерди чакырышкан. Алар ишкерлик жашоосуна чоң таасирин тийгизген, өз башынан өткөн окуялары жана тажрыйбалары менен бөлүшүп өтүштү. Мисалы, Казакстандык ишкер Александр Ли ийгилик артынан чуркоодо өзүңдү жоготуп, жөнөкөй адамдык бакытты, үй-бүлөнү, жакындарды унутта калтырбоо зарыл экендигин айтып берди. Ал эми бизнес-консультант Даурен Тюлеев болсо, ишкерлик менен алектенүүдөгү стандартуу эмес ыкмалар менен бөлүшүп, бизнестин зериктирүүчү элементтерин креативдүү жолдор менен айтып берди. 

“JIA EXPO – бул мүмкүнчүлүктөрдүн аянтчасы. Ал ишкерлер бирин-бири колдоого ала турган жер. Тажрыйбалар менен бөлүшө алуу, жолдоштук чөйрөдө кардар же инвестор издөөнүн өзү кандай сонун!” – деп жыйынтыктады JIAнын аткаруучу директору.

Тэги: JIA EXPO предприниматели бизнес-встреча Бизнес-ассоциация JIA

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу