Жамгыр алтын кенин иштеткен компанияны текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

24.02.2021, 16:20 Акчабар
Жамгыр алтын кенин иштеткен компанияны текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары «Vertex Gold Company» ЖЧКнын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

 

Депутат Тариел Жоробеков билдиргендей, депутаттык комиссия айлана чөйрөнү коргоо маселелерин, өндүрүш процессинин коопсуздугу жана айлана-чөйрөгө таасири көйгөйлөрүн текшерет.

Комиссиянын курамына кирген депутаттар:

- СДПК фракциясынан: Альфия Самигуллина, Нодирбек Коримов, Максатбек Эгембердиев, Чынара Урумкалиева;

- «Республика – Ата-Журт» фракциясынан: Тариел Жоробеков, Сагындык Келдибаев, Арзыбек Карыбеков;

- «Кыргызстан» фракциясынан: Азизбек Турсунбаев, Байгазы Кенжебаев;

- «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан: Осмон Турдумамбетов;

- «Бир Бол» фракциясынан: Эрмамат Тагаев;

- «Ата Мекен» фракциясынан: Сайдулла Нышанов.

Эскерте кетсек, «Vertex Gold Company» ЖЧКнын негизги ишмердүүлүгү - баалуу (асыл) металл рудаларын казып алуу жана иштетүү.

Компания Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жамгыр алтын кенин иштетүү менен алектенет.

Тэги: Vertex Gold Company

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу