Жогорку сотунун жаңыдан шайланган судьясы Айбек Молдакунов парламентте ант берди

19.03.2020, 17:30 Акчабар
Жогорку сотунун жаңыдан шайланган судьясы Айбек Молдакунов парламентте ант берди

Жогорку Кеӊеште талапкерлиги КР Президенти тарабынан сунушталган Молдакунов Айбек Карыбекович депутаттардын басымдуу добушу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына шайланып, парламентте ант берди. Ал буга чейин Ысык-Көл облустук сотунда судья болуп иштеген.

Талапкерлерди депутаттарга Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Ал Жогорку соттун судьялыгына талапкердин билими менен тажрыйбасы жетиштүү экенин, ал бул кызматка татыктуу экенин иш жүзүндө көрсөтө алганын, ошондон улам мамлекет башчысы ишеним көрсөтүп жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Жогорку соттун жаңы шайланган судьясын эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады. Ал Айбек Модакуновду кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги жана жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн таза, калыс, жигердүү кызмат өтөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, «Жогорку соттун судьясынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку соттун жаңы судьясы парламентте ант берген соӊ, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Тэги: Жогорку сот жаңы шайланган судья

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу