2026 – жылы 425 айылга суу тутумдары 8.9 млрд сомго орнотулат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү башкаруу органдарынын кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.
2018 – жылы 32 айыл-аймагында 805 млн. сомго суу тутумдары орнотулган. 45 миң айыл тургундары таза суу менен камсыз болгон. Андан сырткары, 50 миң элет тургундары 2019 – жылдын аягына чейин таза суу менен камсыз болушат.