МСК пилоттук долбооруна төрт компания кошулду

19.11.2019, 11:00 Акчабар
МСК пилоттук долбооруна төрт  компания кошулду

Эки жума ичинде салык кызматынын пилоттук долбооруна электрондук эсеп-фактурасына төрт ири компания кошулду жана азыркы учурда алардын саны 17ге жеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет. 

Пилоттук долбоордо ААК «Аман банк», ААК «Кыргызстандын улуттук электрдик тармагы», ААК «Кыргызалтын», ОсОО «Куликовский кондитердик үйү», мамлекеттик ишканалар «Кыргызаэронавигация» жана «Кыргыз темир жолу», ЖАК «Шоро», ААК «Түндүкэлектро», ЖАК «5 канал», ОсОО «Сибирь Трейд», ОсОО «Форестер», ОсОО «Халык банк», ОсОО «Джунда», ОсОО «Темир Тулпар», ЖАКРН «Кыргызнефтепродукт», ОсОО «Стелла групп», ОАО «Аалам» бар. 

МСК эскертет, эсеп-фактурасын колдонгон пилоттук долбоор электрондук документ катары Кыргызстанда 2019-жылдын 1-июлунан тартып, КР Өкмөтүнүн жобосуна ылайык чыгарылган. 

Пилоттук долбоордон кийин, 2020-жылдын 1-январынан тарта  бардык салык төлөгөн экспорттоочу жана импорттоочуларга электрондук эсеп-фактура менен колдонуу милдеттүү  болуп эсептелинет. 

Салык кызматы, бардык кошумча нарк салык төлөөчүлөрдү пилоттук долбоорго кошулууга чакырат. 

 

Тэги: ГНС КР пилотный проект компании электронные счет-фактуры

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу