Кыргызстандын министрлер кабинети мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи. Ага ылайык, "Альфа Телеком" ЖАКтын, "Керемет Банктын", "Евразиялык сактык банкынын" жана "Кепилдик фонду" ААКнын акциялары сатылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Telegram каналына жазды.
Анын айтымында, 13-июлда Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйыны өтүшү керек болчу, бирок кворумдун жоктугунан, жыйынды кийинкиге жылдыруу чечими кабыл алынган.
"Жөнөкөй эле мыйзам долбоорлору кароого коюлушу керек болчу, алардын көпчүлүгү үчүнчү окууда каралмак. Бирок бир кызык нерсе бар, министрлер кабинети мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү демилгесин көтөрдү. Тактап айтканда, алар "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун 100% акциясын, "Керемет Банктын", "Евразия сактык банкынын" жана "Кепилдик фондунун" 14% баалуу кагаздарынын бир бөлүгүн сатууну көздөшүүдө", - деди Бекешев.
Ал бул демилгени өзү да колдой тургандыгын кошумчалады.