Пластикалык пакет үчүн салык төлөнүшү мүмкүн

03.10.2019, 17:45 Акчабар
Пластикалык пакет үчүн салык төлөнүшү мүмкүн

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна  жөнөттү.

Бул мыйзам долбоор айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана полимер менен пластикалык материалдардан жасалган таңгактоочу баштыктардын калдыктарынынын көлөмүн азайтуу максатында иштелип чыкты.

Мындан тышкары пакеттерин колдонууга өтүү жана өлкөнүн ички рыногунда полимердик жана пластик пакеттерди сатууда же импорттоодо аларды КР утилдештирүү үчүн салык киргизүү дагы камтылган.

«Учурда Кыргыз Республикасында полимердик жана пластик материалдардан жасалган таңгактоочу баштыктар күнүмдүк турмушта көп колдонулууда, андан кийин  катуу тиричилик калдыктар таштандыларынын аймагына чогулат. Бул баштыктардын экономикалык жактан пайдасыз болуп жатканын эске алганда , аны сорттоонун кажети жок, ал айлана-чөйрөнүн булганышына таасирин тийгизет.», - деп жазылат билдирүүдө. 
 

Бул мыйзам долбоорун кабыл алууда республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдар керектелбейт.

 

Тэги: экология полимеры

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу