Бир жума ичинде Таластагы «Бириктирилген пост» тутуму ишке киргизилет

08.01.2021, 15:45 Акчабар
Бир жума ичинде Таластагы «Бириктирилген пост» тутуму ишке киргизилет

Бир жума аралыгында Талас районундагы «Чоң Капка» өткөрүү пункттарында автоунаалардын номерлерин бекитүүчү камералар ишке киргизилип, «Бириктирилген пост» тутумуна киргизилет. Бул тууралуу премьер-министрдин м.а. Артем Новиков билдирди. 

 

 

Андан сырткары, өткөрүү пункттарындагы камераларды ишке киргизүү маселесин чечүү тапшырылган. 

 

«Түндүк» ишканасына тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте, республикада иштеп жаткан бардык өткөрүү пункттарында автоунаалардын номурларын белгилөө үчүн камераларды ишке киргизүү маселесин чечүү тапшырылды. Бул товарларды жеткирүү менен алектенген унааларга мамлекеттик чек арадан өтүүдө коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга мүмкүндүк берет. Биздин аймакка ташылып келген товарлардын ар бир бирдиги эске алынмайынча, аткезчиликке каршы натыйжалуу күрөш болбойт». - деп билдирди Новиков. 

 

Ошондой эле, өтмөктүн кеңдигин кыскартып, жүк ташуучу унаалардын «Бириктирилген постту» айланып өтүшү үчүн тыюу салынган жол белгисин орнотуу керектигин айткан. 

Белгилей кетсек, премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Талас облусуна иш сапары менен барган. 


 

Тэги: кабмин контрабанда

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу