Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаңы имараты курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Бул жерге үй-бүлөлүк дарыгерлер, балдар бөлүмү жана балдар реанимациясы жайгаштырылат.
“Курулушка республикалык бюджеттен 58 млн сом каралган. Объект жакын арада пайдаланууга берилет”.