Кайгуул кызматы: унааны сатып алганда ошол замат өзүңөргө каттатып алгыла

17.07.2020, 15:15 Акчабар
Кайгуул кызматы: унааны сатып алганда ошол замат өзүңөргө каттатып алгыла

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жарандарга унааны сатып алган учурда, ошол замат өзүнө каттатып, же сатып жаткан учурда, сатып алган жаранга толук кандуу өткөрүп берүүнү сунуштайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына жарандардан мурдагы сатып жиберген авто унааларын жөн кана келишимдин негизинде саткандыктан азыркы күндө авто унаанын документтеги мыйзамдуу ээси болуп калып, бүгүнкү күндөгү сатып алган жарандар тарабынан жасалган жол кыймылынын коопсуздук эрежесин бузгандыгы тууралуу факт, коопсуздук шаар долбоорунун негизинде аныкталып, бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде тиешелүү айып пул салынып, ал токтомду камтыган кат мурдагы саткан жарандын дарегине келип түшүүдө деген кайрылуулар келүүдө.

Мына ушундай кайрылуулар менен Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына 2020- жылдын 6 ай ичинде жарандар тарабынан мурдагы сатып жиберген авто унаасынын азыркы айдоочусун таап берүү же авто унааны " арестке" коюу тууралуу 1010 арыз түшүп, алардын ичинен 215 авто унаанын айдоочулары Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тарабынан табылып, арыз ээлери менен жолугуштурулган. Калган авто унааларды издеп табуу боюнча издөө иштери уланууда.

«Жогорудагы жарандардан келиш түшкөн арыздарды эске алып, Милициянын кайгуул кызматы жарандарга кайрылат. Эгерде авто унааны сатып жаткан жаран ошол учурда сатып алган жарандын өзүнө толук кандуу өткөрүп, же ошол жарандын дарегине каттатып бербесе, кийин сатып алган жарандын коопсуз шаар долбоорунун негизинде аныкталган жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы тууралуу иштелип чыккан айыппул, ошол учурда толук кандуу өткөрүп бербей, авто унаанын мыйзамдуу ээси болуп калып бергендиктен ошол жарандын дарегине келип түшөт. Милициянын кайгуул кызматкерлери автоунаанын артынан келип токтотуп, электрондук планшет менен авто унаанын убагынан өтүп кеткен айыппулун текшерип, факт аныкталса айып короого токтотуп жаткандыгы да ошондон. Андыктан Кайгуул кызматы жарандарды авто унааны сатып жаткан учурда толук кандуу сатып алган жаранга өткөрүп берүүнү сунуштайт», - деп айтылат маалыматта.

Тэги: Кайгуул кызматы унаа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу