Жаңы биометрикалык паспорттор кандай болот жана аны ким чыгарат?

17.04.2019, 15:56 Акчабар
Жаңы биометрикалык паспорттор  кандай болот жана аны ким чыгарат?

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорту арзан чыгарабыз деген компаниялардан баш тарткан. Учурда  бул боюнча УКМК  кызматы  иш көзгөп, Мамкаттоонун  кызматкерлерин камакка алышты. Бул паспорттун баасын жогорулатып, ар бир даана паспортун баасы 165 сомго кымбаттаган. 

 2018-жылы 23-октябрда  биометрикалык паспорту даярдоо боюнча ачык сынак жарыяланып, ага мамлекеттик сатып алуу аркылуу катталган. Сынакка катышкан арыздарды ачуу былтыр 19-ноябрда жасалган. Тендерге беш чет элдик компания катышкан.  

Ар бир компания өз баасын сунуштаган:

  • Muhlbauer ID Services GmbH — 686 млн 772.25 миң сом;
  • Veridos GmbH — 936 млн 347.75 миң;
  •  «Гарсу Пасаулис» ЖАК — 940 млн 150 миң;
  • IDEMIA France SAS — 948 млн 713.75 миң;
  • Республикалык МИ «Банкнотная фабрика» — 1 млрд 257 млн 847.112 миң.

«Мамлекеттик сатып алуулар» боюнча мыйзамга ылайык,  Veridos GmbH (Германия), Muhlbauer ID Services GmbH (Германия), Республикалык мамлекеттик ишкана«Банкнотная фабрика» (Казахстан) компаниялары сынактан  четтетилген. 

анткени: 

  •  квалификациялык талаптарга жооп берген документтердин жоктугуна байланыштуу.
  • талап кылынган документтердин баардыгы толук болбогондугуна байланыштуу

 2019-жылы  январда конкурстук комиссия жеңүүчүлөрдү  аныктап,  «Гарсу Пасаулис» ЖАК  (Литва) жеңүүчү деп жарыялап, а IDEMIA France SAS (Франция) экинчи орун деп табышкан. 

Muhlbauer ID Services GmbH  менен  IDEMIA France SAS  сынактын жыйынтыгы менен макул болбой, даттануу менен кайрылышкан. Көз карандысыз аудиттин текшерүүсүнөн кийин ошондой эле ведмстволор аралык комиссия карап чыгып, эч кандай мыйзам бузуулар жана эки катышуучунун  арызы негизсиз деп таанылган. 

Ушул эле маалда сынакка катышкан компаниялардын мөөнөтү  бүтүп, сынактын жеңүүчүсү «Гарсу Пасаулис» ЖАК  (Литва) менен келишим түзүлбөй, уюштурулган сынак жарксыз деп таалылган. 

««Гарсу Пасаулис» ЖАК мамлекеттин бюджетинен эч кандай акча каражаттары которулган жок. Андыктан, экономикалык чыгаша жок» деп билдирди Мамкаттоо

Жыйынтыгында паспортторду чет элдик компаниялар жок өз күчү менен чыгаруу артылды. Эми мамлекеттик  «Инфоком» ар бир паспортко карата программалык камсыздоо үчүн база,  маалыматтык система жана калк тууралуу база чогултууну  иштеп чыкты. 

 2017 -жылы БУУ Билим берүү пргограммасы ПРООН жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттоду даярдоочу апппараттарды  сатып аплууга грант бөлгөн. Бул аппарат иштөөгө даяр. Болгону, биометрикалык паспорту даярдоо үчүн атайын кагаз эле жетишсиз болууда.

«Мамлекеттик каттоо кызматы атайын бланктарды сатып алууда алардын товарына төлөмдү документтер жасалып бүткөндө жүргүзөт. Андан тышкары, баардык келишимдер улуттук валютада түзүлүп, валюта рыногундагы өзгөрүүлөр эске алынып, ал жарандардын документтеринин баасына таасир этет»-деп билдирди Мамкаттоодо. 

Тэги: коррупция ГКНБ финансовые нарушения биометрические паспорта ГРС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу