Камсыздандыруу жыйындарын чогултуу Мамлекетик салык кызматына өткөрүлгөндөн кийин азайган

04.03.2020, 13:30 Акчабар
Камсыздандыруу жыйындарын чогултуу Мамлекетик салык кызматына өткөрүлгөндөн кийин азайган

Бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу функциясы Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилгенден кийин кандай өзгөрүүлөр болгондугуна кызыкты.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов 2019-жылдын көрсөткүчтөрү  2018-жылга салыштырмалуу 1 млрд 790 млн сомго көп чогулгандыгын билдирди.

 

«2020-жылдын 2 ай ичинде 5.2 млрд сомдон ашуун каражат чогулган, бул көрсөткүч былтыркы жылкы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 885 млн сомго көп»,- деди ал.

 

Эл өкүлү камсыздандыруу жыйындарын чогултууну Социалдык фонд жүргүзүп жаткан учурда көрсөткүчтөр кандай болгондугун сурады.

 

«Азыр өсүү байкалууда. Социалдык фонд чогулткан учурда дагы ушундай беле?»,- деп сурады ал.

 

Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары Эсен Нурдинов мурун өсүү темпи жылына 1.9 млрд сомдон 4 млрд сомго чейин болгондугун билдирди.

 

«Былтыр камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу функциясы жаңы гана өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу бюджетке 700 млн сом түшпөй калган»,-деди Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары.

 

А. Карашев Мамлекеттик салык кызматы камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууда өсүү темпи тууралуу айтып, жөн гана мактанып жаткандыгын билдирди.

 

«Сиздер чогулткан суммаларыңыз тууралуу айтып жөн гана мактанып жатыптырсыз, көрсө Социалдык фонд сизден көп чогултчу экен»,-деди эл өкүлү.

 

И. Асылкулов чогултуунун планы коюлуп жатканда айлык акынын көбөйүүсү эске алынгандыгын билдирди.

 

«Көбөйүү биз күткөндөй болгон жок, жыйноо планынын  оптимисттик себеби дал ушундан улам болду»,- деп жооп берди ал.

 

А. Карашев аталган функцияны кийин кайра Социалдык фондго өткөрүп бербөө үчүн жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

Азыркы учурда «КР кээ бир мыйзам чыгаруучу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү ( «КР Социалдык фонду жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө», мыйзамдарына «Салык кодексине»)  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.   

Тэги: Мамлекеттик салык кызматы жыйынд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу