Кант диабети менен ооруган 74 миң 810 адам каттоодо турат

14.11.2023, 13:50 Акчабар
Кант диабети менен ооруган 74 миң 810 адам каттоодо турат

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнү. Кыргызстанда расмий түрдө кант диабети менен ооруган 74 миң 810 адам катталган.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдиргендей, өлкөдө ооругандардын саны жыл сайын кеминде 5-7 миңге көбөйөт.

Кант диабети дүйнөдөгү эң кеңири тараган өнөкөт оорулардын бири болуп саналат жана барган сайын актуалдуу болуп бараткан социалдык көйгөй катары изилденет.

Дүйнөдө:

- ар бир 15 жылда кант диабети менен ооругандардын саны эки эсеге көбөйөт;

- жыл сайын 1 миллиондон ашык адам буту-колун кесип, 700 миңден ашууну көрүүсүн жоготот.

- ар бир 5 секундда кант диабети менен ооругандар бир адамга көбөйөт;

- ар бир 7 секундда бул оорудан 1 адам каза болот.

Тэги: саламаттык сактоо кант диабети статистика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу