Кант цемент заводу дивиденд төлөгөн эмес, деп билдирди BNC Finance.
Ишкана 2022-жылдагы иштин жыйынтыгы менен 1 миллиард 179 миллион 857 миң сом таза киреше алган. Компаниянын директорлор кеңеши өз чечими менен таза пайданын 25% дивиденддерди төлөөгө жумшаган, бул 899 миң 970 сомду түзөт.
Бирок Кыргызстандын фондулук биржасынан билдиришкендей, бул маселе боюнча добуш берүү учурунда акциялардын көзөмөл пакетинин ээси бул чечимди колдогон эмес.