ААК «Кант цемент заводунун» акционерлеринин кезексиз жыйынында директорлор кеңешинин мүчөлөрүн толугу менен алмаштыруу чечими чыкты. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунун сайтында маалымдалат.
Тиешелүү чечимге ылайык, ААКтын директорлор кеңешинин мүчөлөрү: Махфират Түлөндибаева, Ергали Калибеков, Максим Лейнов жана Кахрамон Юлдашев мөөнөтүнөн мурда бошотулду.
Андан сырткары, кезексиз жыйында эсеп комиссиясынын мүчөлөрү аныкталды.