Кара-Балтада арматура чыгарган ишкана иштеп баштады

14.02.2022, 12:41 Акчабар
Кара-Балтада арматура чыгарган ишкана иштеп баштады

Кара-Балта шаарында арматура чыгаруучу ишкана ишке кирди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Долбоордун биринчи фазасына кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жана ички инвестиция тарабынан 8 млн долларга жакын инвестиция салынган.

Белгилей кетсек, жылына болжол менен 150 миң тонна арматура чыгаруу пландалууда.

“Келечекте “Азия сталь” ишканасы өлкөнүн бардык курулушун ата мекендик сапаттуу арматура менен 100 пайызга камсыздоону пландоодо”,- деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, ишканада 130 жумуш орду түзүлдү, бул акырындык менен 200гө чейин көбөйтүлөт.

Тэги: Кара-Балта шаардык мэрия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу