Кечээ, 22-февралда Чүй облусунда жайгашкан Кара-Балта станциясына 4 вагон вакула сортундагы жаздык арпанын үрөнү келип түштү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Бул үрөндөр Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан убактылуу сактоого кабыл алынып, үрөн чарбаларына жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө бөлүштүрүлөт.
Белгилей кетсек, кечээ Балыкчы станциясына элиталык жана биринчи репродукциядагы «Ставрополь уруктары» компаниясынын Вакула сортундагы жаздык арпанын үрөнүнүн алгачкы 3 вагону (200 тонна) келген.
«Айыл Банк» ААКнын шартына ылайык, үрөн 4,5% үстөк менен товардык насыя түрүндө берилет. 2 жылдык мөөнөткө, үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына чейин 50% жана 2023-жылдын 15-ноябрына чейин 50% кайтаруу менен. Үрөндүн баасы: элита – килограммы 53,85 сом жана биринчи репродукция - килограммы 47,1 сом.