Кара-Сууда жасалма АКШ долларын сатууга аракет кылган жарандар кармалды

04.03.2022, 15:56 Акчабар
Кара-Сууда жасалма АКШ долларын сатууга аракет кылган жарандар кармалды

Кара-Суу районунда ири  көлөмдөгү жасалма АКШ долларын сатууга аракет кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

3-мартта милиция кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдөгү жасалма АКШ долларын сатууну көздөгөн Алай районунун тургунун кармалган. Анын жанынан 100 долларлык 50 даана купюра табылган. Анын шериги катары Жалал-Абад облусунун тургуну кармалып, анын кийип жүргөн курткасынын чөнтөгүнөн жасалмага шек саналган 100 долларлык 7 даана купюра табылып алынган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.Эки шектүү тең сурак учурунда күнөөлөрүн мойнуна алышып, көрсөтмөсүн беришкен. Алар Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Жасалма акчаларды кайсы жакта жасалганы жана кимдер тарабынан жасалгандыгын тактоо максатында тергөө амалдары уланууда.

Тэги: ОШ ОИББ жасалма акча Кара-Суу району

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу