Карантин алынгандан кийин Кыргызстан 5 өлкө менен аба каттамын жандандырган

02.10.2020, 13:45 Акчабар
Карантин алынгандан кийин Кыргызстан 5 өлкө менен аба каттамын жандандырган

Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев Кыргызстан карантин алынгандан кийин кайсы өлкөлөр менен аба каттамын жандандырганы тууралуу айтып берди.

Учурда Кыргызстан Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары, Россия менен аба каттамын жандандырган.

Анын айтымында, Түркияга «Бишкек-Стамбул» багыты боюнча «Түрк аба жолдору», «Пегасус Эйрлайнс» жана «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниялары учуп жатат. Алар жумасына 4 каттамдан аткарууда. Ал эми «Бишкек-Анталия» багыты боюнча «Пегасус Эйрлайнс» жана «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниялары аптасына 2 жолу каттап жатат.

Ошондой эле «Бишкек-Дубай» багыты боюнча «Флай Дубай» авиакомпаниясы жумасына 3 жолу каттап жатат.

«Ошондой эле коңшу мамлекеттер менен аба каттамын жандандыруу чечими кабыл алынып, Өзбекстанга «Ташкент-Бишкек» жана Казакстанга «Алматы-Бишкек» багыты боюнча каттамдар жүргүзүлүп жатат», - деди ал.

24-сентябрдан тарта Россия менен «Бишкек-Москва» багыты боюнча аба каттам жандандырылып, учурда «Аэрофлот» жана «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниялары жумасына бир жолудан каттап жатышат.

Тэги: Жарандык авиация директор Курманбек Акышев аба каттам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу