Каржы министрлиги: Сырттан 742,9 млн доллар жардам алынат

24.07.2020, 12:50 Акчабар
Каржы министрлиги: Сырттан 742,9 млн доллар жардам алынат

Бүгүнкү күнгө карата сырттан алына турган каржылык жардамдын көлөмү 742,9 млн долларды түзөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары Абдылда тегин Суеркул билдирди.

Анын айтымында, учурда ал каражаттын 333,3 млн доллары өлкөгө келген.

«Дагы 409,6 млн доллар келери күтүлүүдө», - деди ал.

Ал белгилегендей, эл аралык донорлордон үч багыт боюнча каражат тартылып келүүдө: бюджетти колдоо үчүн, коронавирустун жайылышын алдын алуу иштерине жана экономиканы колдоо.

Тэги: каржы жардам млн доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу