Катарлык компания Кыргызстанда ГЭС курууга кызыктар

10.10.2022, 14:01 Акчабар
Катарлык компания Кыргызстанда ГЭС курууга кызыктар

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катар мамлекетине жасаган расмий сапарынын алкагында жергиликтүү Power International жана UCC Holding компаниясынын төрагасы Мутаз Аль-Хайят менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, Мутаз Аль-Хайат компаниянын курулуш, мейманкана бизнеси, тамак-аш, көңүл ачуу жана кызмат көрсөтүү тармактарындагы ишмердүүлүгүнө токтолду.

Тараптар кызматташуунун келечегин, атап айтканда туризм, анын ичинде мейманканаларды жана оюн-зоок борборлорун куруу, айыл чарбасы, ошондой эле Кыргызстандын продукциясын Катар рыногунда сатуу маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын ири гидроэнергетикалык потенциалын эске алуу менен катарлык компаниянын жетекчиси ГЭСтин курулушуна чоң кызыгууну билдирди. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлигинин башчысы Мутаз Аль-Хайятты инвестициялык жана башка долбоорлорду талкуулоону улантуу үчүн Кыргызстанга чакырды.

Өз кезегинде Мутаз Аль-Хайят мындан аркы практикалык иштерге даяр экендигине ишендирди.

Тэги: экономика новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу