Катуу шамалдын кесепетинен жабыркагандар 24 адамга жетти

29.03.2024, 11:35 Акчабар
Катуу шамалдын кесепетинен жабыркагандар 24 адамга жетти

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда болгон катуу шамалдын кесепетинен 24 адам жабыркады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Анын төртөө ооруканага жаткырылса, калгандарына амбултордук жардам көрсөтүлдү. Жабырлануучулардын биринин абалы орточо оор, калгандарыныкы канааттандырарлык деп бааланууда.

"Алардын көбү башынан жана денесинен сыйрылган, кесилген жаракаттарды алышкан, биринин жамбаш сөөгү сынган", - деп айтылат маалыматта.

28-мартта Бишкек жана Чүй облусунун аймагында ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен шамал катталган. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Тэги: шамал кырсык оорукана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу