Казак ишкери Жапаровдун кеңешчиси болду

04.05.2021, 09:45 Акчабар
Казак ишкери Жапаровдун кеңешчиси болду

Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Алмаз Ибрагимов президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Алмаз Ибрагимов Кыргыз ССРинин Ысык-Көл облусунда туулган. Көп жылдар бою Казакстандагы ири өнөр жай ишканаларынын топ-менеджери болуп иштеп келген жана ар кандай инновациялык долбоорлорду ишке ашырган.

Ал буга чейин «Алюминий Казахстана»  ААКнын президенти болуп иштеген. 2005-2015-жылдары Павлодар шаарындагы "Казакстан электролиз заводу" ААКнын президенти болгон.

Казакстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Алмаз Ибрагимов «Курмет» жана «Отан» ордендери менен сыйланган, ошондой эле биринчи жана үчүнчү даражадагы «Барыс» орденинин жана үчүнчү даражадагы «Енбек даңкы» төш белгисинин ээси, Казакстандын минералдык ресурстар академиясынын ардактуу академиги, С. Торайгыров атындагы Павлодар мамлекеттик университетинин профессору.

Тэги: Алмаз Ибрагимов советник президента

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу