Казахстандын президенти Касым-Жомарт Токаев майыптар менен аз камсыз үй-бүлөлөрдүн насыяларын кечүүгө буйрук берди. Ал Акордодо айтканынmatritca.kz жазып чыкты.
Эми президенттин жарлыгы менен күрөөсүз керектөөчү кредиттерди жоюу каралууда. Ошондой эле, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, багар адамын жоготкон бүлөлөргө, майып балдары бар үй-бүлөлөр, жетимдерге жеңилдиктер каралган.
Учурда Казахстанда карызын төлөй албагандардын жалпы суммасы 3 000 000 (три миллион) теңге болгон.
Карыз болгондордун максималдуу чеги 300 миң теңгеден ашкан эмес.
Жогорудагы жарылкка ылайык Казахстандын Улуттук банкы карыздардын негизги суммасы жана пайыздары, айыптары баардыгын жоюу боюнча документтерди иштеп чыгат.
Жарлык жарыяланган күнүнөн тартып күчүнө кирип, анын аткарылышына Казахстандын президентинин аппараты жооптуу болду.