Казахстан 600 млрд теңгени жеңилдик катары бөлдү

15.04.2019, 09:21 Акчабар
Казахстан 600 млрд теңгени жеңилдик катары бөлдү

 Банктар менен  финансы уюмдарына чакан бизнести колдоо максатында 600 миң млрд  теңге бөлүнөт. Анын ичинде чакан бизнеске 100 млрд берилет.  Жеткиликтүү  каражат программасына Казахстандын  «ЦентрКредит», «АТФБанк» менен «Нурбанк» банктары катышууда. Биринчи колдоо каражатын  «ЦентрКредит» «Даму» фондунун колдоосу менен бергенин finprom.kz билдирди.

Насыя аркылуу колдоо экинчи жыл уланууда. Анткени, акыркы жылы чакан бизнести колдоо солгундай түшкөн. Алсак, өткөн жылы жаздагы колдоо 2.2 трлн теңге  болуп, жыл ичинде 20.3%  ал эми февралдагы жылдын жыйынтыгы боючна  2.7 трлн теңге жеткен. Бул башка мезгилге салыштырмалуу (9.6%  аз)  болгон. Ал эми өлкө боюнча банктарга берилген жалпы насыялардын көлөмүндө  17.3% түзгөн.

«Коомдогу пайда болуп жаткан маселелерден улам,  Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен өлкөдө  артыкчылык берилген тармактарды насыялоо механизми ишке кирди. Долбоордун максаты теңге менен берилген кредиттердин өтүмдүүлугүн артыруу» деп жазды басылма.  

Айтмакчы, эми Казахстандын  Улуттук банкы  бул программанын алкагында өз каражаты жана анын башкаруусундагы акчаларга  банктардагы экинчи  деңгээлдеги облигацияларды  (БВУ) сатып алып, ага 600 млрд теңгени жети жылдык мөөнөттө  11% берет. Насыяны алган банктар карыздарын эрте төлөөгө, Улуттук банк менен  түзгөн келишимдин негизинде кайтарат.

Ар бир банктар менен болгон облигациялардын лимити 70 млрд теңге болуп, андан ашпоосу зарыл. Эгерде банк лимитте каралган облигацияларды колдоно албаса, анда катышуучулар арасында теңме тең бөлүнүп  берилет. 

Банктар кайсыл тармактарды колдоосу керек:

  • агро өнөр жай, кайра иштетүу тармагына — 100 млрд теңге чейин;
  • агро өнөр жай  —  100 млрд теңге;
  • кайра иштетүү жана агро тармагына  — 400 млрд теңге чейин каралган.

Долбоордун алкагында чакан жана орто бизнести колдоого 100 млрд теңге багытталууга тийш. Ошондой эле, ар бир банк  жалпы насыялоонун 17%  айыл чарба тармагы, чакан жана орто бизнеске  артыкчылык бериши шартталган. 

2019-жылы 20-мартка карата Улуттук банк үч финансы институтунун облигацияларын  113 млрд теңге сатып алган. Финансынын жөнгө салуучунун маалыматына таянсак, анда  «АТФБанк» ( 60 млрд теңге облигация), «ЦентрКредит»  банкы ( 42.7 млрд теңге облигацияны) Улуттук банкка  сатып лидерлик позицияда турушат. Ошондой эле, «Нурбанк» (10 млрд теңге) облигация саткан.

Насыяны жабуу мөөнөтү жети жыл, анын жылдык кирешеси 10.95% . Бул долбоорго 60 млрд теңге ээ финансы институттары катыша алышат. Азырынча,  мамлекеттик бул программага тогуз финансы уюму катышууну каалаганын билдиришти. 

Тэги: банки финансирование кредиты Казахстан экономика финансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу