Казакстанда карантин режимин бузгандарды ачыкка чыгаргандар акчалай сыйлыкка ээ болушат

27.08.2020, 12:15 Акчабар
Казакстанда карантин режимин бузгандарды ачыкка чыгаргандар акчалай сыйлыкка ээ болушат

Батыш Казакстан облусунун акими Гали Искалиев карантин учурунда массалык иш-чараларды өткөргөндөр тууралуу полицияга кабар берген жергиликтүү тургундарга сый акы төлөнөрүн билдирди. Сый акынын көлөмү 70 долларга чейин жетет.

 

 

«Айрымдар муну сөз ташуу жана башка деп аташы мүмкүн. Бирок бул андай эмес, бул коомго колдоо көрсөтүү жана жардам берүү. Бул үчүн бизде акча каралган», – деп билдирген Искалиев ыкчам штабдын жыйынында.

Анын айтымында, 130 мониторинг тобу эртеден кечке калктуу конуштарды кыдырып, мыйзам бузууларды каттоого жетишпейт. Ошондуктан бийлик жергиликтүү жашоочулардын жардамына муктаж.

Бул арада аймакта карантин режимин бузгандарга салынган айып пулдун көлөмү 34 млн теңгеге (80 миң доллар) жеткен. 551 протокол түзүлгөн.

Казакстанда 26-августта эпидемия учурунда коронавирус инфекциясын жуктурган 105 075 учур катталып, 1544 адам өлгөн. Өлкөдө 23 543 адам пневмонияга киши чалдыгып, 268и кайтыш болгон.

Тэги: Батыш Казакстан облус аким Гали Искалиев иш-чара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу