Апрель айында Казакстанда инфляция 0,9% деңгээлинде сакталды. Бул тууралуу Казакстандын Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар боюнча агенттигинин Улуттук статистика бюросу билдирди.
Маалыматка ылайык, баалар азык-түлүк товарларына 0,9%, азык-түлүк эмес товарларга 1,3%, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө 0,4% кымбаттаган.
"Апрель айында керектөө бааларынын индекси 0,9% түздү. Инфляциянын деңгээли Мартта да ушундай болгон", - деп айтылат маалыматта.