Кыргызстан менен Казакстандын чек ара тилкесиндеги көзөмөл өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 26-февралдан тартып "Кең-Булуң - унаа жолу" (КР) - "Аухатты - унаа жол" (РК) көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу бош жүк ташуучу унаалар бош контейнерлер менен өткөрүлө баштады.
"Мурда "Кең-Булуң - унаа жолу" өткөрүү жайы аркылуу бош жүк ташуучу унаалар бош контейнерлерсиз гана Кыргызстандан Казакстанга өтө алышса, ал эми азыр болсо бул көзөмөл өткөрүү жайынан жүк ташуучу унаалар бош контейнерлери менен өтө алышат", - деп айтылат билдирүүдө.
Бүгүн, 27-февралда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги "Ак-Тилек - унаа жолу" көзөмөл өткөрүү жайында чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө кезекте 70 жүк ташуучу унаалар турат, ошондой эле көзөмөл өткөрүү жайынан анча алыс эмес жерде жолдун боюнда 25 жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жүктүн коштомо документтерин, ПЧР-тесттин жыйынтыгын жана башкаларды күтүп турушат.
Эки өлкөнүн чек ара тилкесиндеги башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны катталган жок. Учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал туруктуу.