Кыргызстанда 2013-жылдагы улуттук регламентке ылайык айран кычкыл сүт азыгы деп саналып келген. Эми 2019-жылдын августтан тарта айран кычкыл сүт азыгы эмес эле, кефир азыктарына кирет. Мындай чечим ЕАЭБ талабына ылайык жасалууда.
«Учурда айран республика боюнча улуттук регламентке ылайык кычкыл сүт азыктары катары сатылууда. 2013-жылы 18-февралда Кыргыз Өкмөтү тарабынан кабыл алынган «Сүт жана сүт азыктарынан жасалган продукциялардын коопсуздугу тууралуу» токтомго ылайык иштеп келгенбиз. Эми Бажы биримдигинин техникалык регламенти боюнча айран кефир азыгы деп саналат»— деп түшүндүрдү Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын башчысы Бакыт Шабданов.
Макамынын өзгөрүшүнө карабай айранды ишгтеп чыгуу ошол эле бойдон калат. Бул тууралуу Бишкектеги сыноо жана тастыктама берүү борборунун лабораториясы билдирди.
«Азыктын аталышынын өзгөрүүсү кардарлдарды чоочулатпашы керек. Заты боюнча мурдагы эле азык калат. Аны чыгаруу технологиясы өзгөрүүсүз калат»— деп ишендирди сыноо лабораториясынын башчысы Айгүл Аксупова.