Келерки жылы бюджеттин тартыштыгы төмөндөшү мүмкүн

07.11.2023, 10:00 Акчабар
Келерки жылы бюджеттин тартыштыгы төмөндөшү мүмкүн

Каржы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024–2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыкты. 

Ага ылайык, министрлик келерки жылы бюджеттин тартыштыгынын кыскарышын болжолдоодо. Алсак, алгач быйылкы жылдын бекитилген бюджетинде чыгашалар кирешеден 21 млрд 263,2 млн сомго ашат деп айтылса, такталгандан кийин бул сумма 12 млрд 54,7 млн сомго чейин кыскарган. 

Дефициттин кыскарышы бюджеттин кирешесинин көбөйүшүнө байланыштуу. Тактап айтканда, салыктык эмес кирешелерди, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык фонддун кирешелерин, ошондой эле финансылык эмес активдер менен операциялардан түшкөн кирешелерди дээрлик эки эсеге көбөйтүү жолу менен ишке ашары болжолдонуп жатат. 

 

Тэги: бюджеттик план каржы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу