Энергетика тармагына 74,9 млрд сом жумшалат

23.11.2023, 12:40 Акчабар
Энергетика тармагына 74,9 млрд сом жумшалат

2024-жылы энергетика тармагына 74,9 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, энергетикалык ишканаларды капиталдаштырууга 55,8 млрд сом бөлүнөт.
Бүгүнкү күндө республика боюнча өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүн онлайн режиминде көрүүгө болот жана жакынкы келечекте энергияны керектөөнүн көлөмүн онлайн режимде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү пайда болот.

“Жакынкы жылдарда кубаттуулугу 7 миң МВт болгон ири долбоорлор ишке ашырылат. Токтогул ГЭСинде, Камбар-Ата ГЭС-2де, Үч-Коргон ГЭСинде электр энергиясын өндүрүү көбөйөт. Казарман, Чаткал, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз каскаддары курулат. Куланак ГЭСи жана 30дан ашык чакан ГЭСтер ишке кирет. Камбар-Ата ГЭС-1нин техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо боюнча Дүйнөлүк банк менен келишим түздүк. Ошондой эле шамал жана күн электр станциялары курулат”, - деди Акылбек Жапаров. 

 

Тэги: энергетика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу