«Кепилдик фонду» ишкерлерге 385,6 млн сомдон ашык колдоо көрсөттү

05.04.2024, 17:00 Акчабар
«Кепилдик фонду» ишкерлерге 385,6 млн сомдон ашык колдоо көрсөттү

Быйыл үч айда “Кепилдик фонду” тарабынан ишкерлериге колдоо көрсөтүлүп, 385,6 млн сомдон ашык каражатка 598 кепилдик берилди. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти. 

Белгиленгендей, кепилдик күрөөгө берилген кредиттердин көлөмү 1 млрд 97 млн сомдон ашкан. 

“Бардыгы болуп “Кепилдик фонд” ААК ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилинде 8,5 млрд сомдон ашык суммага 8 миң 764 кепилдик берилген, өнөктөш банктар тарабынан берилген кредиттердин көлөмү 27 млрд сомдон ашкан”. 

“Кепилдик фонд” ААКтын ишмердигинде айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, туризм, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштөр артыкчылыктуу багыт болуп калууда. Жардам алган тармактарга соода, курулуш, транспорт жана кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрү да кирет.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ишкерлери күрөө мүлкү жетишсиз болгон учурда “Кепилдик фонд” ААКтын кызматынан пайдалана алышат.

Тэги: кепилдик фонду насыялар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу