Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт

30.04.2024, 13:23 Акчабар
Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 6-майдан 8-майга чейин үч күн газ болбойт. Бул тууралуу "Бишкекгаз" газ кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, орто басымдагы газ өткөргүчүндө тээгин алмаштырууга жана жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын агышын жоюуга байланыштуу Чоң Чүй каналы, Курманалиев көчөсү, Лермонтов көчөсү, Чүй проспекти, Осмонкул, Жибек Жолу, Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

“Бишкекгаз” газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

 

 

Тэги: Бишкекгаз Бишкек шаары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу