Бишкекте “Кыргыз энергетикалык эсеп борбору” ААКнын
акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу өттү. Жыйын 100% кворумга жетти. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды.
Жыйындын жүрүшүндө акционерлер бир катар маанилүү маселелерди, анын ичинде коомдун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карашты.
Негизги чечимдердин бири уставдык берененин 10.4.8-пунктунан “компаниянын сатып алуулардын жылдык планы” деген сөздөрдү алып салуу болду.