Кийинки “Борбор Азия — Кытай” саммити 2025-жылы Казакстанда өтөт. Бул тууралуу “КазТаг” маалымат агенттиги Акордага таянып билдирди.
Белгилеп кетсек, Борбор Азия — Кытай саммитинин жыйынтыгы боюнча Борбор Азия мамлекет башчылары Сиань декларациясына кол коюшту. Кийинки саммит 2025-жылы Казакстанда өтөт.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун Кытайга сапарынын алкагында Сиань шаарында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 25тей документке кол коюлду. Ушул күндөру президент мамлекеттик сапар менен Кытайда жүрөт.