Кытай 500 кВ «Кемин-Торугарт» электр линиясын курат

17.08.2023, 10:26 Акчабар
Кытай 500 кВ «Кемин-Торугарт» электр линиясын курат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуйдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Атап айтканда, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Министрлер кабинети менен Элдик өкмөтүнүн ортосунда электр энергиясы менен камсыздоо максатында энергетикалык инфраструктураны туташтыруу боюнча меморандумдарга кол коюлду;

  • пландалган Бедел постунан өтүүчү автомобиль жолунун курулушуна;
  • Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен ТВЕА компаниясынын ортосунда Сары-Жаз каскадын куруу боюнча кызматташуу жөнүндө.

Ошондой эле эки өлкөнүн почта кызматтарынын ортосунда транс чек аралык электрондук коммерцияны өнүктүрүү жана тездетилген почтаны жайылтууну активдештирүү боюнча кызматташууну кеңейтүү, Кыргызстандын жарандарын СУАР жогорку окуу жайларында окутуу үчүн 25 стипендиялык орун берүү жөнүндө макулдашууларга кол коюлду. Мындан тышкары, Энергетика министрлиги менен ТВЕА компаниясынын ортосундагы 500 кВ "Кемин-Торугарт" электр берүү линиясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбоору макулдашылды.

 

Тэги: новости Кыргызстана Китай взаимное сотрудничество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу