Мамкаттоо Бишкектин күндүзгү стационарларында электрондук кезек системасын киргизет

14.07.2020, 16:30 Акчабар
Мамкаттоо Бишкектин күндүзгү стационарларында электрондук кезек системасын киргизет

Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек шаарынын мэриясына 15 күндүзгү стационарлардагы кезектектик агымдарды иретке келтирүүнү уюштуруу үчүн керектелген баардык керектүү жабдыктарды өткөрдү. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Жеембаев билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфаком» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан электрондук кезек системасы офлайн режимде иш алып барууга ылайыкташкан (анткени күндүзгү стационарлардын баардыгында эле интернет бар эмес) жана кезектин эки категориясын камтыйт – кеңеш алууга жана дары тамчылатуу процедурасын алууга.

Жеембаевдин айтымында, жарандарга талондор берилет. Медицина кызматкерлери жарандарды кезек менен чакыра алышат, бейтаптын кезеги ТВ-мониторлор аркылуу көрүнүп турат.

Тэги: электрондук кезек күндүзгү стационарлар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу