Кыргызстанга Кытайдан COVID-19 дартына каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жүк келди

09.04.2020, 08:55 Акчабар
Кыргызстанга Кытайдан COVID-19 дартына каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жүк келди

Саламаттык сактоо министрлигинде Кытай Эл Республикасынан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн алынып келинген гуманитардык жүктү өткөрүп берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара вице-премьер-министр Аида Исмаилованын, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэндин катышуусу менен өткөн.

Элчи Ду Дэвэнь белгилегендей, Кытай өкмөтүнөн келген гуманитардык жардамды өткөрүп берүү ал үчүн чоң сыймык.

«Короновирус инфекциясына каршы күрөшүүдө эки бир тууган эл бири-бирине көмөктөшүүгө кол сунууда. Бул ар тараптуу кыргыз-кытай стратегиялык мамилелеринин жогорку деңгээлинин ачык көрүнүшү», - деп билдирди Ду Дэвэнь.

Вице-премьер министр Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнө көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

«Жеке коргонуу каражаттары медициналык кызматкерлерге жана алгачкы медициналык-санитардык көмөк көрсөтүүчү жактарга бардык чакырыктарга ыкчам, коопсуз түрдө жооп кайтарууга жана коронавирустун жайылышына каршы турууга мүмкүндүк берет. Жеке коргонуу каражаттары медициналык мекемелерге жана чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарына жөнөтүлөт», - деди ал.

Вице-премьер министр белгилегендей, бүгүнкү күндө бүтүн дүйнө жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышына туш болду, республика боюнча бул дарттан жабыркагандардын саны 270 адамга жетип, анын ичинен 4 адам каза тапты.

Маалымдама: Кыргыз Республикасына берилген гуманитардык жардамдарга төмөнкүлөр кирет: медициналык кызматкерлер үчүн жалпы суммасы 640 000 кытай юаны же болжол менен 7 млн 690 миң сом болгон ПЧР-диагностикалоонун реагенттери, жеке коргонуу каражаттары (бир жолку комбинезондор, термометрлер, медициналык көз айнектер, кол каптар жана бахилалар).

Мындан мурда Кыргыз Республикасына COVID-19 дартын аныктоочу 21 000 даана экспресс-тесттер берилген.

 

Тэги: Китай гумпомощь коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу