2019 – жылы 3 миң сөздү камтыган кыргыз-орус/орус-кыргыз салык терминдеринин сөздүгү чыкты. Бул тууралуу МСКнын өкүлү Кабыл Абдалиев Мамлекеттик тил күнүндөгү куттуктоо сөзүндө билдирди.
Сөздүк Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан салык сөздөрүн бириктирүү жана сөздүктү иш кагаздарын жүргүзүү учурунда колдонуу максатта иштелип чыкты.