Бюджет тармагындагы кызматкерлердин кызматтык иш сапарларына 1.2 млрд сом жумшалган. Республикалык бюджеттен дээрлик 1 млрд сом, жергиликтүү бюджеттен - 231 млн сом бөлунгөн. Бул тууралуу финансы министрлиги билдирет.
Өлкө ичиндеги иш сапарларга - 757.2 млн сом, чет элдик иш сапарларга - 503 млн сом бөлүнгөн.