Коммерциялык банктар жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду бирге кызматташа баштады. Бул үчүн насыя уюмдар жана айыл-чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү ортосунда меморандумга кол коюлду.
Насыя уюмдары мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө артыкчылыктуу насыяларды беришет. 25.4 млн $ каржылоо Эл аралык айыл-чарбасын өнүктүрүү фондунан жана өкмөттөн жүргүзүлөт.
Буга чейин РКӨФ Кыргызстандын мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө 20 млн доллар насыя берген. Эки тараптын өкүлдөрү тең билдиришкендей, бирге кызматташуудан мал чарбачылыгына керектүү чийки заттарды чыгарган ишкана жакшы пайда табат.