Кечээ, 8-декабрда банктар аралык валюта аукциондорунда коммерциялык банктар 5 миллион 770 миң доллар сатып алышты. Бул маалыматты жөнгө салуучу орган билдирди.
Анын ичинен 2,7 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүү менен, дагы 3 миллион 70 миң доллары бүтүм жасалган күндөн башка күндөгү эсептешүү менен сатылып алынган. Мурунку, 7-декабрга салыштырмалуу валютага суроо-талап дээрлик 55% кыскарган.
Доллардын курсу 7-декабрдагы соода деңгээлинде сакталып, 84,95 сомду түздү. Курс биринчи жолу мындай көрсөткүчкө 6-декабрда көтөрүлгөн.