Бүгүн Улуттук банк “Айыл чарбасын каржылоо - 8” долбооруна катышкан банктарды кайра каржылоо максатында кредиттик аукционду өткөрдү. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды.
Аукциондун жыйынтыгы боюнча, жайгаштыруунун көлөмү 300 млн сомду түздү, пайыздык чен 5%. Насыянын мөөнөтү алты ай.
Эске сала кетсек, 14-августта жүгүртүү мөөнөтү 2 жыл болгон, жалпы суммасы 400 млн. сом мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт.