LOLC FINANCIAL SECTOR HOLDINGS PRIVAT LIMITED "АБН" микрофинансылык компаниясынын 6,15% акциясынын ээси болуп калды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Белгиленгендей, акционерлердин курамын өзгөртүү 5-июлда болгон. Компания 18 миллион 711 миң 967 жөнөкөй акция сатып алды.
Ачык булактардан белгилүү болгондой, LOLC FINANCIAL SECTOR HOLDINGS PRIVAT LIMITED Сингапурда катталган. Ал рынокто төрт жылдан бери иштейт.