Кыргызстандагы мигранттардын патентке төлөгөн каражаттарын жергиликтүү бюджеттерге которуу сунушталууда

18.02.2020, 10:00 Акчабар
Кыргызстандагы мигранттардын патентке төлөгөн каражаттарын жергиликтүү бюджеттерге которуу сунушталууда

17-февралда «Бир Бол» фракциясынын депутаты Исхак Пирматов коңшу мамлекеттерден келген эмгек мигранттарынын патент үчүн төлөгөн каражаттары жергиликтүү бюджеттерге түшүп турушун сунуштады. Аталган мыйзам долбоорду эл өкүлү Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Өзбекстандан визасыз режимдин негизинде Кыргызстанга 150 миңге чейин эмгек мигранттар курулуш, талаа иштеринде эмгектенүүгө келет.

«Мунун баары жакшы, бирок жергиликтүү бюджет бир да тыйын албайт. Тилекке каршы, эмгек мигранттары акча төлөгөнү менен, 700 млн сомдой каражат милициянын чөнтөгүнө кетет. Бул туура эмес көрүнүш, биз бул маселени укук айдынына алып чыгып, аларга патент берүү аркылуу жергиликтүү бюджеттерди толукташыбыз керек.  Биз бир жыл бою Салык жана Миграция боюнча мамлекеттик кызматы менен тыгыз иш алып бардык»,- деди ал.

Мыйзам долбоордо эмгек мигранты үчүн уруксат берүүчү документти дагы, патентти дагы камтый турган документ Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү тарабынан бериле тургандыгы каралган.

 Каражаттын бекитиле турган чени дагы өкмөттүн кароосунда болот деп кошумчалады ал. «Бирок орточо эсеп менен 500 сом кылып бекитсек, жергиликтүү бюджеттердин эсебине 700 млн сом түшүүсү мүмкүн»,- деди Пирматов.

Биринчи жолу катталып жатканда эмгек мигранты Салык кызматына индивидуалдуу ишкер катары катталып, патент алат.

Андан соң эмгек мигранты мисалы, Өрүктү айыл өкмөтүндө март айынан тарта иштей турган болуп учетко коюлат, ал эми эгерде ал кийинки айда кандайдыр бир себептерден улам башка айыл өкмөтүнө которулуп кетсе дагы, ошол айылдагы POS- терминал аркылуу өзүнүн идентификациялык номурун киргизип, 500 сом төлөп, уруксат ала алат, деп билдирди депутат.

«Ал кайсы айыл өкмөттүн бюджетине төлөсө, каражаттар ошол жерге түшөт», - деди ал.

Бүгүнкү күндө чет элдик ишкерле эки механизм боюнча келип иштөөдө:

  1. Ар бир мамлекетке каралган квотанын негизинде юридикалык жактардын чакыруусу аркылуу. Салык кызматына төлөнө турчу төлөм -10 миң сом;
  2. Ошондой эле квотанын негизинде жеке ишкер катары патент алуу аркылуу.

«Коңшу мамлекетте жаңы президент шайланып, көптөгөн жакшы өзгөрүүлөр болду, анын ичинде 60 күн визасыз режим бар, бул эки өлкө ортосундагы мамилелерди жакшыртуга өбөлгө түзөт», - деди эл өкүлү.

«Мамлекеттик миграция кызматына бир күн иштеп кеткендиги үчүн уруксат алуу үчүн тээ алыскы райондордон бери келишпейт да. Мисалы талааларда бир күн иштөөгө келген жеке ишкерлер чек арадагы аймакка 500 сом төлөп, кечке чейин иштеп кайра кетип калат. Ал эми Ысык-Көлдө 59 күн иштеп анан кетишкендер бар», - деди ал.

Бирок мигранттардын басымдуу бөлүгү чек ара айматкарында эмгектенишет деп кошумчалады Пирматов.

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу