Абыкеев: Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, жайыттар сатылбайт

01.12.2020, 17:15 Акчабар
Абыкеев: Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, жайыттар сатылбайт

Конституциянын жаңы долбоорунда жайыттар мамлекеттин менчигине киргизилди. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Чолпонбек Абыкеев билдирди.

Анын айтымында, «Конституциянын негиздери» секциясы эки күндөн бери Баш мыйзамды талкуулап жатат.

«Азыр 21-беренеге жеттик. Баш мыйзамдын 17-беренесинин 5-пунктунда жер казына, аба мейкиндиктер, суу, токой, өсүмдүк-жаныбарлар жана башка жаратылыш ресурстары Кыргызстандын менчиги деп жазылат. Ал пунктка жайыттарды да коштук. Себеби кыргыз эли жайытка өзгөчө мамиле кылып келген. Акыркы жылдары жайыт маселеси курчуп, талаш-тартыштар да болууда. Мындан улам жайыттарды да мамлекеттин менчигине киргизип, сатылбайт дегенди киргиздик», - дейт ал.

Абыкеев ошондой эле археологиялык, тарыхый табылгалар, мурастар жана объектилер мамлекеттин менчигине киргизилгенин айтат.

Тэги: жайыт Конституция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу