Кыргызстандын мамлекеттик казына облигацияларындагы ички карызы 29-апрелге карата 143 млрд 146 млн 75,8 миң сомду түздү.
Эске салсак, ички карыз 26-апрелде эле 142 млрд 996 млн 75,8 сомду түзүп, 150 млн сомго көбөйгөн.
Өзгөрүүлөр Каржы министрлиги тарабынан 150 млн сомдук мамлекеттик 10 жылдык облигацияларды жайгаштыруусуна байланыштуу болду. Мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү 16,6%ды түздү.